Абды Суеркулов айыл аймагынын жалпы маалымат
Географиялык абалы:
Абды Суеркулов айыл аймагы райондун борборунан 18 км, облустун борборунан 270км
алыстыкта жайгашып, Бишкек-Ош жолу айыл аймактын дал ортосунан аралап өтөт. Торкен
айыл аймагы түндүк жагынан Бел-Алды айыл аймагы менен, түштүк тарабынан Токтогул
суу сактагычы менен, батыштан Жаны-Жол айыл аймагы менен чыгышынан Нарын
дарыясы менен чектешет. Торкен айыл аймагына караштуу жерлердин дээрлик көпчүлүгү
ак топурактуу келип, жакынкы жайыттардын бөксө тоолуу дыйканчылыка ылайыктуу
жерлери кара топурактуу, тоолуу аймака кирет. Дениз денгээлинен 900-1300 метр
бийиктикте жайгашкан.
Калктын саны: 11254 үй бүлөлүк чарбанын саны 1771. Эркектердин саны -5790,
аялдар-5464.
Айыл аймак 3 административдик айылдан турат. Торкен, Көтөрмө жана Кара-Жыгач
айылдары
Айыл аймактын жалпы териториясы 92550м2, же 72679 га
Калктын ишмердигинин негизги түрү: айыл чарбасы жана малчылык .
Муниципалдык инфраструктура объекттери : 19 объект (мектептер – 4, ФАП – 1, СВА-2,
АӨ имараты -1, клуб – 1, библиотека-4, бала бакча 2).
АА аймагындагы бизнес – жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн булагы: чакан жана
орто бизнес объекттери: соода түйүндөрү – 34, май куюуучу бекет – 1, пескоблок чыгаруучу
цех-3, мончо-13, пилорамма-1, тегирмен-7. Ашкана 4,1 күрөш зал, 2 мини футбол аянтча.
Коомдук уюмдар: аксакалдар соту -1 , аялдар кеңеши – 1, жаштар комитети – 1, АВП -1,
СООППВ-3, мечиттин имамдары-4.
АК депутаттарынын саны – 21 киши (7 аял). Төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу
комиссиялар (4 комиссия): 1) бюджет, каржылоо, инвестиция, экономика маселелери,
муниципалдык менчик боюнча; 2) укук коргоо жана мыйзамдуулук , депутаттык этика,
спорт жана маданият боюнча; 3) агрардык саясат, өзгөчө кырдаалдар, экология жана
туризм боюнча. 4) арыз даттануулар боюнча
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлери – 20, мунун ичинен- 9 аял.
экономикасы, айыл чарбасы жана
Абды Суеркулов айыл аймагынын келечектеги элеси – социалдык инфраструктурасы,
руханий, маданий турмушу
өнүккөн айыл.
Менчиктештируу 1997-1998-жылдары жүргүзүлгѳн. 2021-жылдын 1-январына карата айыл
аймагы боюнча жалпы калктын саны 11 254, кожолуктардын саны-1771, мунун ичинен
эркектердин саны-5790, ал эми аялдардын саны- 5464. Ѳтѳ жакырлардын саны- 900, жакырлар-
986, орто жакыр -1618.
Ар бир тармака токтолсок, билим берүү мекемелери бардык шарттарды камтыган типтүү
имараттарда кесипкөй мугалимдердин окутуунун жаны методикасын колдонуу менен, ата
энелердин интернет байланыштагы көзөмөлүндө иш алып барат.
Саламаттыкты сактоо мекемелери типтүү имараттарда жаны технологияларды колдонуу
менен билимдүү, кесипкөй адистердин кызматын пайдаланышат.
Маданият, спорт тармагында элдин руханий маданий байлыгын көтөрүп маданий иш
чаралар калктын бардык муундарына каада-салт, үрп-адат, оюн-зоок, спорттук иш чараларын
уюштуруп орто жана жаш муундар сергек жашоо образында тарбияланышат.
Айыл аймагында калкты коммуналдык, ирригациялык жактан тейлеген бардык
ресурстары бар муниципалдык ишканалар тейлешет. Калкка бул ишканалар өздөрүнүн ак ниет
кызматы менен ишеничке киришип алакалары бекемделген. Тазалык, сугат, таза суу,
жарыктандыруу, көрктөндүрүү, ички жолдор жана көпүрөлөр муниципалдык ишканалар
аркылуу тейленип жергиликтүү аткаруу бийлигине женилдик алып келет.
Айыл чарбасы- Абды Суеркулов айыл аймагында калктын басымдуу көпчүлүгү айыл
чарбасына багытталган. Мал чарбасында малды багып өстүрүп, аны сатуу менен гана
чектелген. Дыйканчылыктын түйшүгү мал чарбасына караганда көбүрөөк болгондуктан,
бул багытта тобокелчилик дагы жогору. Айыл аймагы боюнча 1447 кожолук, 10 832
жаран санарип аймакка катталды. Айыл аймагынын ѳндүрүшү негизинен мал чарбасы
түзүп, талаачылык продукциялары негизинен тоют катары пайдаланылат.
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ
17-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча ишмердүүлүгү.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү коомдоштуктар тарабынан өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
18-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин жалпы принциптери
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын так аныктоо;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү коомдоштуктун алдында ачык жана жооптуу болушу жана алардын өз функцияларын жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары (чогулуштары) жана курултайлар аркылуу жарандардын эрк билдирүүсү;
5) жергиликтүү коомдоштуктардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
6) коомдук пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
7) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;
8) өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карандысыздыгы;
9) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзүү;
10) өз алдынча камсыз кылуу, өз алдынча жөнгө салуу жана өз алдынча каржылоо.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдары менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.