КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ТОКТОГУЛ РАЙОНУ
ТОРКЕН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ
2015 жыл
Кириш сөз
2015-2030 жылдардын мезгилине Торкен айыл аймагынын туруктуу өнүгүүнүн Стратегиясы максаттарды, маселелерди жана өнүгүүнүн башкы чараларын аныктайт.
Бул Стратегия 2013-2017-жылдардын Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен туруктуу өнүгүүгө өтүүнүн Программасынын жана иш-планынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жергиликтүү өзүн өзу башкарууну өнүктүрүү Программасынын жоболорунун негизинде түзүлгөн.
Стратегия:
1.Айыл аймактын өнүгүү потенциалын, көйгөйлөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн жана тосколдуктарын талдоого;
- Жергиликтүү жааматтын туруктуу өнүгүүсүнүн максаттарын жана маселелерин, ошондой эле аларды чече турган иш-чараларды тактоого;
- Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарба субъектердин жана жеке ишкерлердин, коомдук уюмдардын жана тургундардын өнүгүүнүн максаттарына жетүүсүн координациялоого багытталган.
Стратегиянын принциптери:
- жергиликтүү жана улуттук социалдык-экономикалык өнүгүүнүн максаттарынын айкалышып туруусу;
- Торкен айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсү, эффективдүү башкарууну түзүү, мамлекеттик башкаруунун, жергиликтүү өзүн өзу башкаруунун жана калктын кызыкчылыктарынын балансын сактоо;
- айыл тургундарынын жашоо сапатын жана деңгелин көтөрүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде айкындуулугун камсыздоо.
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтуу маанидеги маселелерди чечуудо айкындуулугун
- жергиликтуу жааматтын маалыматка жеткиликтуулугун камсыздоо.
I. Учурдагы кырдал
- Географиялык жайгалышы. Торкен айыл аймагы Кыргыз Республикасынын, Жалал-Абад областынын, Токтогул районуна карайт. Борбору – Торкен айылы. Торкен, Кара-жыгач, Котормо деген үч айылдан турат. Торкен айлынан райондун борбору Токтогул шаарына чейин 25 км., областын борбору Жалал-Абад шаарына чейин 300км., Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына чейин 300км. Стратегиялык Бишкек-Ош жолу айылдын ортосунан кесип өтөт.
- Жер-суу ресурстары. Аймактын жалпы аянты – 72476 кв.км. Айыл чарба багытындагы айдоо жерлер 2935 га (аймактын жалпы аянтынын 8% түзөт) анын ичинен:жалпы сугаты 1537 га, сугаты 649 га, шарттуу суугаты 888 га, кайрагы 1370 га Менчикке- үлүшкө берилген жер аянты 2202 га, кайра бөлүштүрүү фондусундагы жер аянты 730 га. Орточо 0,20 га үлүш бир адамга берилген. 150 дыйкан чарба жана жеке чарбалар бар. Айыл чарба багытындагы жерлердин 20% начар абалда.Жалпы суугаты 232 га,шарттуу сугаты 137 га,нак суугаты 95 га.Кѳп жылдык бак 28 га, чѳп чабынды 1645 га, жайыт- 11999 га, токой фондусунун жери – 451 га. Мунун ичинен Торкен айылдык аймагы пайдаланган айыл чарба жерлери – 72476 га, анын ичинде: айыл чарба багытындагы жерлер -39775 га: калктуу конуштардын жери – 406 га түзөт. Торкен айыл ѳкмѳтүндѳгү АКФ нын жерлеринин жалпы аянты – 733 га, анын ичинен: айдоо аянты 511 га. Суугат айдоо -252 га., шарттуу сугат -259 га, кайрагы 214 га, кѳп жылдык бак – 8 га.
Жайыттардын 30% абалы начарлоодо. Жайыттарды башкаруу системасы жакшыртууну талап кылат.
Сугат системанын булактары катары аймактын аянтында аккан суулар Кишен, Борду-кыя пайдаланат. Алардан тышкары 53 км айылдын каналдары бар, абалы орто. Насостук станциядан берилген суу суу каналдары менен жеткирилет. Насостук станциянын маторлору эскирген, каналдарыбыз таарып, суунун көлөмү аз келип, суугат учурунда бир кыйла кыйынчылыктар жаралат.
Тоо кен байлыктардан туз кени бар, ата-бабалардын айтуусуна караганда көмүр, бор кендери бар деп айтылат, бирок жетиле элек жана изилденген эмес, бирок алардын ичинен туз карьери гана иштетилет. Трассанын боюндагы кичи ларектордон тузду малдарга алып кетишет.
- Климаты боюнча – кышкысын cуук, жайкысын кургак, абанын температурасы 35-42 градуска чейин жетет, жаан-чачыны аз , куз мезгили кургак жана cуук.
- Адам ресурстары. Торкен айыл аймагы боюнча 4-шайлоо округу 4959 шайлоочу бар, калктын саны 10021 адам, анын ичинен 5166 эркек, 4855 аял . Ишке жарактуу калктын саны 1797. Акыркы үч жылдын ичинде калктын саны 10% өстү. Айыл аймагында 714 пенсионер, 305 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Сезондук миграцияда 1311 адам жүрөт, анын ичинен 600 эркек, 711 аял. Айыл аймагы боюнча акыркы үч жылдын ичинде 21 үй-бүлөө көчүп кетти, 12 үй бүлөө көчүп келди.
- Калктын жумуштуулук жана кирешелүүлүк деңгели. Айыл аймактын калкы көбү мал чарбачылык жана талаачылык менен алектенет. Торкен айыл аймагындагы 2072 кожолуктун ичинен жакырчылык картасы боюнча жакыр уй бүлөөлөр деп жалпысы 880 кожолук эсептелет, алардын ичинен орто жакыр – 73 кожолук, жакыр – 182, орто жакыр – Жалпы майыптардын саны – 317, анын ичинен 18 жашка чейинки -65, азиз дудуктар – 47.
Бюджеттик мекемелерде 208 адам иштешет, алар дыйкан чарбалардын мүчөлөрү да болуп эсептелинет, анын ичинен 50 эркек, 158 аял, соода тармагында 125 киши иштейт, анын ичинен 63 эркек, 62 аял, башка ишканаларда (мончо, СТО,тегирмен, навайкана ж.б.у.с.) 19 киши иштейт, анын ичинен 16 эркек, 3 аял. Торкен айыл аймагындагы жакырчылык 42,5 % ти түзөт. Акыркы үч жылдын ичинде 5% ке азайды. Иш менен камсыз болгон адамдардын саны да 8% өстү.
- Финансы-экономикалык абал. Торкен айыл аймагында мал чарбачылык тармакта эт, сүт, жумуртка жана талаачылык тармакта буудай, жугөру, картошка, май өсумдугу, жашылча, бакча, көп жылдык чөп ж.б. айыл чарба продукциялары өндүрүлөт. Соода жүгүртүү жана акылуу кызмат кѳрсѳтүүдөн түшкөн кирешелерди кошкондо жалпы Торкен айылдык аймагы боюнча 2014-жылдын 12 айында 43036460 сомдук дүӊ продукция ѳндүрүлүп, ѳткѳн жылга салыштырмалуу 101,59%ке ѳсүү темпи менен аткарылды.
Торкен айыл округу дотациялык айыл округу. 2014-жылдын жергиликтүү бюджети 7644,6 миӊ сомду түздү, анын ичинде, 4628,5 миӊ сом теңдештирүү (выравнивающий) грант. Алардан тышкары айыл аймакка 2682,9 миӊ сом стимулдук грант, донорлордон проекттер аркылуу 1000,0 миӊ сом инвестиция тартылды
Жергиликтүү бюджетти толтуруу резервдер: (1) АКФнын айыл чарба жерлерин аукцион менен берилүүсүн ижарачыларды кызыктыра турган шарттарды көбөйтүү, келишим мѳѳнѳтүн узартуу, жердин категориясына жараша (сугат мүмкүнчүлүктөрү жакшы, түшүмдүүлүгү жогоруу жана, ж.б.у.с көрсөткүчтөргө карап) баасын көтөрүү. (2) жыйымдардын жана башка жергиликтүү төлөмдөрдүн базасын кеңейтүү жана контролдоо, чакан бизнестерди онуктуруу, жеке ишкерлерге шарт тузуу, донорлор аркылуу ишке ашкан объектерди АӨ балансына өткөрүү менен иштөөсүн камсыздоо, инвестиция тартуу, калктын жыйымдарды убагында төөлөөсүнө үгүттөө, жана башка жолдорду издөө.
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү. Торкен айыл аймагындагы 4 мектепте 138 мугалим эмгектенет, 1965 балдар окуйт, мурунку жылга салыштырмалуу алардын саны 5 % өстү. Мектепке чейинки билим беруу иши жокко эсе. Кара жыгач айылында “Сезим” бала бакчада жалпы 48 бала тарбияланат.Анын ичинен 24 кыз, 24 эркек бала. Торкен айылындагы «АК КУУ» балдар бакчасы капиталдык ремонттон өтпөгөнгө байланыштуу ишке киришпей турат. Бул бала бакча иштесе 60 дан кем эмес бала тарбияланып, алардын 35 % балдардын энеси иштешмек.Имараттын жоктугуна байланыштуу мектепке чейинки балдарды тарбиялоо иштери толук кандуу жүргүзүлбөйт. «АК КУУ» балдар бакчасынын имараты ишке киришсе мектепке чейинки балдарды даярдоого дагы жайлар уюштурулмак жана мектепке даярдоо үчүн группалар, уюштурулмак, аларга 350 бала барганга мүнкүнчүлүк түзүлмөк, алар мектепке чейинки жаштагы балдардын 12% түзөт. мурунку жылга салыштырмалуу алардын саны 4% өстү. Көтөрмө айылындагы К.Чокоев мектеби 1968 жылы курулган. Мектептин абалы өтө оор. Анда 291 окуучу окуйт, анын ичинен 151 кыз. Кайрадан жаӊы мектеп курууга жана заманбап каражаттар менен камсыз кылууга муктаж. Билим берүү тармагындагы кемчиликтер:
- Мектепке чейинки балдарга билим берүү мүмкүнчүлүгүнүн төмөндүгү.
- Бала бакчалардын жоктугу
- Билим берүү мекемелердеги кадрлардын жетишсиздиги.
- Мектепте заманбап оргтехникалардын жоктугу
- Мугалимдердин статусунун төмөндүгү
- Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу шарттарынын жоктугу
- Кесип мугалимдеринин жоктугу (кээ бир учурда математик биология же химиядан сабак берет)
- Мектептеги рэкеттин акырындап пайда болушу.
- Психолог мугалиминин жоктугу жана ушул сабакты мектепке милдеттүү түрдө киргизүү (окуучулар арасында суициддин, уулануу фактыларын алдын ала чара көрүү)
- Спорт, дене-тарбия иштеринин начардыгы
- Ыр-бий кружокторунун жоктугу
- Бош убакытта алек боло турган мекеме, үй кружокторунун, компьютер курстарынын, тил, тигүү, ашпозчу кружокторунун жоктугу
- Билим беруу системасына көңүл аз бурулат
Ушул кемчиликтерге карабай акыркы үч жылдын ичинде билим берүү тармагында жетишкендиктер да бар. Жалпы мектептер боюнча райондук олимпиадаларга 49 окуучу катышып, алыстыкка чуркоо боюнча 1- орунга 1 кыз, сабактар аралык информатикадан 1-орунга 1 кыз, химия сабагынан 2-орунга 1 кыз, Биология сабактарынан 2-орунга 9 окуучу, анын ичинен 4 эркек, 5 кыз болду.
Торкен айыл аймагындагы 2 СВА- анда 15 адам иштейт, 3 ФАП элге медициналык кызмат көрсөтөт, анда 3 медициналык иштейт, аларга өтө зарыл учурда гана көрүнүшөт, бирок адистерге районго барышат, стоматолог, гинеколог, хирург, инфекционист жана башка адистер жок болгондуктан, тургундар райондун борборуна барып, кечке жүрүп каражат чыгаша болуп тиешелүү адистерге көрүнүүгө мажбур болууда. Каражаттын жоктугуна байланыштуу оор жашоо шартындагы үй-бүлөөлөр оорусун дарылабай эле жүрө беришет.
Маданий, спорт жана эс алуу инфраструктура жокко тете. 2 айылдын клубу, 1 жайкы клуб бар, аларда 6 адам иштейт. Жылытуу системасы жоктугунан кышкысын жабык турат. Ар бир айылда бирден китепкана бар (баардыгы 3 китепкана). Бирок заманбапка ылайыкталбаган, шарты жок, жылуулук системасы жок, китептери эски. Бүгүнкү күндө окуучулар жана айыл тургундары китепканага жолду унутушкан. Себеби: китепкана аркылуу маалымат ала алышпайт. Т.Ашыралиев мектебинде жалаң окуучулар учун спортзал бар, бирок айылдын жаштары үчүн спортзалдын керек экени баардык жаштар үчүн көйгөйлүү маселе бойдон калууда. 3 айылдык почта бар, анда 8 адам иштейт, анын ичинен 3 аял, 5 эркек.
- Инфраструктура жана турак жай, коммуналдык чарба. Торкен айыл аймагынын ички авто жолунун узундугу 61 км., бардык айылдарындагы кѳчѳлѳрдүн, жолдордун абалы начар, көпчүлүгү топурак жолдор, кээ бирөөлөрүнө шагыл, кум төгүлгөн, асфальтталган жолдор жок, талкаланган. Электроэнергия менен 100% камсыз болгон, бирок трансформаторлордун кубаттулугунун жетишбестиги жана эскиргендиктен тез-тез авария болуп турат. Көчөлөргө жарык коюлган эмес. Көтөрмө айылынын жаңы конушуна 1200 метрге электр чубалгы жана столбалар орнотулуп, 250 квт трансформатр коюлду. ӨСИ тарабынан 1 млн сом каралып, жамаат тарабынан 125 миң сом чектелип көчөлөр жарыктандырылды. Торкен, Кара Жыгач айылдары боюнча айтсак караңгыда басканда айылдын тургундарына коркунуч жаралууда. Карангыда уруу-мушташ да пайда болот экен.
Таза суу менен тургундардын 38% камсыз болгон, калгандары Торкен айылынын астыңкы бөлүгү ичүүчү сууну жер казып, кудуктан суу чыгаруу менен ал эми Торкен айылынын үстүңкү бөлүгү 2 км жерден Торкен агын суусунан ташып ичишет.Ал суудан малдын бардык түрү барып ичет. Санитардык жактан таза болбой калышы абзел. Аны текшерген эч ким жок. Көтөрмө айылы боюнча бир гана жерден кудуктан убакты сааты менен чектелген суу чыгып, элди толугу менен камсыз кыла албайт. Мектептер таза суунун жоктугуна байланыштуу көбүнчө өзү агып келүүчү суудан пайдаланышат. 5 тегирмен бар анын ичинен 5 шак тартуучу, 30 чакан дүкөндөр-ларектор бар , 4 ашкана, 1 пилорама, 1 АЗС, 1 СТО – жеке менчикте иштейт. Таштандыларды чыгарууга атайын авто унаалар жок. Көчөлөрдө таштандыларды чогултуп төгүү ящиктер коюлбагандыктан айыл өкмөтү тарабынан белгиленген жерлерге таштандылар төгүлсүн дегенге карабастан ар кайсы жерге төгүлүп калуу учурлар кездешет.
Уйлөрүнө өздөрү жеке мончо салып алгандар бар. Долбоор аркылуу мончо салынган, бирок иштебей турат.
Турак жай үйлөрдүн көбү бир этаждуу, алардын 70% самандан жеке менчиктеги үйлөр. Акыркы 5 жылдары 2-этаждуу, мансарды менен жеке менчиктеги үйлөр курула башталды, бирок аз, жалпы саны – 4-6. Үй ичине суусу кирилген үйлөрдүн саны 5-8, айыл аймактын жалпы үйлөрүнүн 3% түзөт
Кучсуз жактары
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү төмөн боюнча калууда
- Калкка маалыматтын кеч жана жетпей калышы
- Каналдардын эскириши
- Төлөмдөрдүн убагында калк тарабынан төлөнбөшү
- Жараандардын жоопкерчиликтерин сезбөөсү жана пассивдүүсү.
Күчтүү жактары
- Мал чарба жана талаа дыйканчылыкты өндүрүү шарттары бар
- Айыл аймактын Ош-Бишкек трассанын боюнда жайгашканы
- Сугат жерлердин элге пайда алып келиши
- АК менен АӨ ортосундагы ынтымагы жана активдүүлүгү
- Миграциянын аздыгы – адам ресурстанынын жетишерлиги
Коркунучтар
- Саясий стабилдүүлүктүн бузулушу
- Мамлекеттик органдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иштерине негизсиз кийлигишүү
- Текшерүүлөрдүн көптүгү
- Сель –Кишен суусунун каптоосу
- Жерлердин арыктап түшүмдүүлүгүнүн азайышы.
Мүмкүнчүлүктөр
- Райондун борборунун жакындыгы
- Трасса аркылуу соодаларды күчөтүү, өлкөнүн түндүгү да, түштүгү менен да катнаш түзүү мүмкүнчүлүгү
- Торкен айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык максаттары
2020 жылга чейин Торкен айыл ыймагында инфраструктуралык көйгөйлөр чечилет.
2025 жылга чейин Торкен айыл ыймагында айлана-чөйрөнү сактоо менен чарбаларды, экономиканы, социалдык тармактарды, маданиятты өнүктүрүүнүн негизинде тургундардын жашоо сапаты өлкөнүн жалпы орто көрсөткүчтөрүнө теңелет.
2030 жылга чейин Торкен айыл аймагында тургундардын жашоо сапатынын деңгели өсөт, аны керектүү каржы менен туруктуу өнүккөн экономикасы камсыз кылат.
III. Стратегияны ишке ашыруунун приоритеттик багыттары, маселелери, иш-чаралары жана күтүлгөн натыйжалары.
Стратегия төрт приоритеттүү багыттар боюнча ишке ашырылат. Ал багыттар өзүнө тиешелүү маселелерди жана чараларды камтыйт. Алар мыйзамдын негизинде бекитилген Торкен айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жана аткаруучу милдеттерин текке чыгарбайт жана алмаштырбайт.
№1 приоритеттик багыт-
«Торкен айыл аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүү»
Бул приоритет төмөнкү маселелерди жана чараларды ишке ашырууну талап кылат:
№1 маселе: Айыл аймагындагы чоң инфраструктуралык объекттерди кайра калыбына келтирүү. Бул маселе камтыган чаралар:
- Таза суу көйгөйүн чече турган долборду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
- Айыл аймагындагы жолдорду, кочөлөрдү жана көпүрөлөрдү оңдоо.
- Сугат суу менен камсыз кылган системаны оңдоо, көчөлөргө трубаларды жана крандарды орнотуу, борбордук көчөлөрдөн баштап канализацияларды уюштуруу
- Электр энергия менен камсыздоону жакшыртуу үчүн трансформаторлорду, столбаларды, зымдарды алмаштыруу, көчөлөрдү жарыктандыруу,
- Бюджеттик мекемелердин (мектептер, ФАПтар, ж.б.) имараттарын заманбап энергия үнөмдөө багытындагы ремонттон (эшик-терезелерин алмаштыруу, чатырларын, тышкы стеналарын жылуулатуу, ж.б.у.с. иштер) өткөрүү, жылуулук системаларын жана ички эмеректерин, жабдууларын жаңыртуу.
- Айыл аймактын калкына маданият жана спорт тармактары боюнча кызмат көрсөтө турган мекемелерди куруу долборлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
- Айылдык маданий эс алуучу: чал-кемпирлердин отуруучу аянтчасы, балдардын ойноочу (опан-чычан, селкинчек, айлантпа, кичинекей үйлор, кум аянтчасы) аянтчасын куруу.
№2 маселе: Айылдарды көрктөндүрүү. Бул маселе камтыган чаралар:
- Айылдын көчөлөрүнө тратуарларды куруу, жеектерин жашылдантыруу.
- Арыктарды тазалоо, ”Эң таза көчө”, “Эң көрктүү мекеме” ж.б.у.с. конкурстарын уюштуруу.
- Уйлөрдүн, коомдук имараттардын, соода түйүндөрүнүн тышкы келбеттерин актап-краскалоо , тегерегиндеги жайларды тазалоо, көрктөндүрүү.
№3 маселе: Тургундарын айыл аймакты өнүктүрүү маселелерин чечүүгө тартуу. Бул маселе камтыган чаралар:
- Жыл сыйын айылдардын, көчөлөрдүн ортосунда “Кичи мекеним үчүн эмгегимди/жүрөгүмдү аябайм” деген көрктөндүрүү, оңдоо, тазалоо багытындагы конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү.
- Жарандардын активдуулугун которуудо “Лидер” аттуу конкурстарды уюштуруу, (мактоо баракчасы, стималдаштыруучу )
- Жааматтык радио, мультимедия борборлорун, интернет байланышын өрчүндөтүү жана кенейтуу
№2 приоритеттик багыт:
«Торкен айыл аймагынын социалдык тармагын өнүктүрүү»
№1 маселе: Билим берүү кызматынын сапатын көтөрүү: Бул маселе камтыган чаралар:
- Мектептик жана мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктурүү.
- Айыл аймактын мектептерин кесиби бийик, жана мезгил талап кылган кесиптери бар (психолог, ж.б.) кадрлар менен камсыз кылуу чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
- Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен келишим түзүү негизинде айыл аймагынын мугалимдеринин кесибин жогорулатуу.
- Заманбап класстарды уюштуруу (химия – лаборатория класстарын, орус тил,адабият ,биология – жаныбарлардын,осумдуктордун суротун камсыздоо.ж.б. )
- Айыл аймагын тажирийбалуу кадрлар (педагогдор, зоотехниктер, агрономдор, курулушчулар, токарлар, сварщиктер, электриктер ж.б.у.с.) менен камсыз кылуу үчүн атайын айыл өкмөтү жогорку жана орто окуу жайлар менен райондун ПТУсу менен түзүлгөн контрактын негизинде жаштарды окутуу.
- Райондук, областтык жана республикалык олимпиадаларга катышуу үчүн айыл аймактын деңгелинде жыл сайын окуучулардын конкурсун уюштуруу жана окуучуларга шарт тузуу
- Айыл аймактагы билим берүү кызматынын сапатын туруктуу байкоо жана баало жүргүзүш үчүн коомдук кароо кеңешин (попечительский совет) түзүү.
- Ата-энелер менен мугалимдердин ортосундагы байланышту кучотуу, мектептин жашоосуна ата-энелердин катышуусун тартуу, иш чараларды иштеп чыгуу
№ 2 маселе: Саламаттыкты сактоо кызматынын сапатын көтөрүү. Бул маселе камтыган чаралар:
- ФАПтардын имараттарын шарттарын жакшыртуу (ремонттоо, эмеректерин жаңыртуу, заманбаб жабдуулар менен камсыздоо ж.б.у.с.)
- ФАПтарды билимдүү жана тажирийбалуу кадрлар (врачтар, фельдшерлер) менен камсыздоо
- Айыл аймактын тургундарынын ден-соолугун чыңдаш үчүн атайын калкты диспансеризациядан [1] өткөрүү боюнча жыл сайын иш пландарды түзүу жана аткаруу. Анын ичине аялдардын да, эркектердин да репродуктивдик ден-соолугу боюнча атайын чараларды киргизүү.
- Репродуктивдуу аялдар учун, улан-кыздар учун долбоордун жардамы менен консультациялык центрлерди ачуу, диск, брошюраларды коруу уюштуруу
- Жаш энелерди ымыркайларды кантип кароо боюнча окутуу жана кеңеш берүү бөлмөсүн түзүү
- АДКлардын ишин өрчүндөтүү жана көмөк көрсөтүү.
№3 маселе: Социалдык коргоо кызматынын сапатын көтөрүү. Бул маселе камтыган чаралар:
- Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга реабилитациялык борбор түзүү
- Аяр катмардагы тургундарга жардам көрсөтүү Фонд уюштуруу,
- Аяр катмардагы үй-бүлөөлөргө жардам пул жана башка колдоо көрсөтө турган маалыматтарды жеткирүү үчүн атайын маалымат такчасын даярдоо. Маалымат такчасын жаныртып туруу,
- Социалдык заказдын негизинде аткарыла турган, кары-жаштар аралык, мүмкүнчүлүгү чектелген тургундардын катышуусу менен болгон байланыштарды чыңдаш үчүн түрлүү долборлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
- Сыртка- миграцияга кеткендердин тизмесин аныктоо учун иш чараларды аныктоо
- Жаш уйбулолорго жардам беруу, колдоо долборлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
№4 маселе: Тургундар бош убактарын өткөрө турган жайлардын кызматынын сапатын көтөрүү. Бул маселе камтыган чаралар:
- Маданият үйлөрүн калыбына келтирүү, жылуулук ситемасын өткөрүү,ремонтоо
- Түрлүү жеткиликтүү кружокторду ачуу, кышкы оюн-зоок, чана тебуу, коньки тебүү уюштуруу үчүн ишчарадарды уюштуу
- Айыл ортосунда фестивальдарды уюштуруу: эне күнүнө, балдар күнүнө, картандардын күнүнө, жаштардын, аял-эркек күндөрүнө
- Жыл сыйын айылдардын, көчөлөрдүн ортосунда “Кичи мекенимди даңктайм” деген тематикалык фестивалдарды, конкурстарды (ыр кесе, улуттук тамак-аш, кол-өнөрчүлүк, гүлдөр, кузгу жыйын, ж.б.), конкурстарын уюштуруу жана өткөрүү.
- Жүрүм-турумду бузгандарды коомчулук жагынан уяткаруу, тыйуу жана жазалоо механизмдерин табуу жана ишке ашыруу. Аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө эл сыйлаган улуу муундагы эркек менен аялдарды сунуштап, санын теңдеп, кыз-жигиттердин, жаш үй-бүлөөлөрдүн, жалпы тургундардын кемчиликтерин, туура эмес жасаган иштерин оңдоого багытталган аксакалдар сотунун ишин активдештирүү.
№5 маселе: Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү. Бул маселе камтыган чаралар:
- Спорт комплекстерин, аянтчаларын тургузуу, футбол аянтчаларын,волейбол, баскетбол оюндарын уюштуруу боюнча чараларды иштеп чыгуу.
- Жыл сыйын айылдардын, көчөлөрдүн ортосунда, аял эркектердин ортосунда “Торкен чемпиондору” деген спорттук таймаштарды (футбол, баскетбол, гимнастика, ж.б.) уюштуруу жана өткөрүү.
- Мектептердин алдындагы спорт секцияларды көбөйтүү жана өнүктүрү.
- Айыл аймактын ичинде бассейн,тенис, билиард, ж.б. онуктуруу жана ачуу.
№3 приоритеттик багыты:
«Торкен айыл аймагынын экономикасын өнүктүрүү»
№1 маселе: Айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү. Бул маселе камтыган чаралар:
- Сапаттуу, түшүмдүлүгү жогору үрөн жана жер семирткичтер менен талаачылык өндүрүшүн камсыз кылуу чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
- Мал чарбачылыкты жетишерлүү тоют менен, малдын асыл тукумдуулугун, азыктуулугун жогорулатуусун камсыз кылган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
- Айыл аймакта агрономиялык жана ветеринардык кызматтардын жетишердүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу.
- Айыл аймакта айыл чарба өндүрүшүнүн жаңы түрлөрүн (дары чөптөр, балык, ж.б.у.с.) өстүрүү боюнча талдоо жүргүзүү, долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
- Заманбап бизнести өнүктүрүү жана жаны технологияларды пайдалануу боюнча окутууларды уюштуруу
- Фермерлерге өтүш, сатыш, финансы, айыл чарбасында колдонгон жаңы технологиялар, баалар ж.б. маалыматтар жөнүнө кабарлоо, консультация берүү борборун түзүү.
- Ветеринардык кызматкерди ар бир айылга уюштуруу, дарылар менен камсыздоо, малды дарылоону милдеттендируу иштерин уюштуруу
- Трассанын боюна балык, куздо бышкан ондурушту оптом сатуучу ярмарка кундорун уюштуруу чараларын иштеп чыгуу
№2 маселе: Кооперативдерди өнүктүрүү. Бул маселе камтыган чаралар:
- Айыл чарба техникалары менен кызмат көрсөтүү, аларды тейлөө, агрономиялык жана ветеринардык кызматтарды, тамчылап сугару, айыл чарбасындагы алдынкы технологияларды жайылтуу ж.б. кооперативтерди түзүү жана аларды өнүктүрүү.
- Кооперативдерди калыптандыруу иш чараларын иштеп чыгуу
№3 маселе: Айыл чарба продукциясын кайра иштеп чыгуу орто жана чакан ишканаларды өнүктүрүү. Бул маселе камтыган чаралар:
- Айыл чарба продукциясын кайра иштеп чыгуу ишканаларын түзүү үчүн инвестицияларды тартуу.
- Айыл аймакты өнүктүрүү жана жергиликтүү бюджетти толтуру боюнча инновациялык идеялардын конкурстарын өткөрүү – конкурс идей- жаны жумушчу орундарды
- Ишкерлердин арасынан жаңы жумушчу оорун түзгөндөр үчүн (ичинде аялдар жана жаштар боюнча критерийлери бар) атайын конкурсту негизөө жана өткөрүү.
№4 маселе: Акылуу кызмат кѳрсѳтүү тармагын өнүктүрүү. Бул маселе камтыган чаралар:
- Соода, коомдук тамактануу ишканалардын элге көрсөткөн кызматынын сапатын жогорулатуу.
- Тиричиликти тейлөө ишканалардын (чачтарач, мончо, бут кийим, тиричилик техникаларды, сантехника, электр жана суу жабдууларын оңдоо, ж.б.у.с.) түрлөрүн кеңейтүү жана элге көрсөткөн кызматынын сапатын жогорулатуу.
- Жеке ишкерлердин ортосунда “Үлгүлүү дүкөн”, “Үлгүлүү ашкана”, “Үлгүлүү тейлоо” конкурстарды уюштуруу
- Жеңил конструкциялардан сырткы келбети заманбапка ылайык келген бут оңдоочу жайларды,чач тарач ж.б. уюштурууга көмөктөшүү
№4 приоритеттик багыты: «Торкен айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүү»
№1 маселе: Торкен айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жогорулату. Бул маселе камтыган чаралар:
- Торкен айыл өкмөтүн функционалдык талдоодон өткөрүп, анын эффективтүү иш жүргүзүү жолдорун тактап, ишке ашыруу.
- Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу планын түзүү жана ишке ашыруу.
- Айыл өкмөтүндө “Электрондук Айыл өкмөтү” деген автоматташтырылган маалымат базасынын киргизүү жана туруктуу колдонуу
- Жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди өткөрүп берген (аутсо́рсинге) юридикалык жана жеке жактардын (Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери/ СООПВ, суу пайдалануучу ассоциациялар/ АВП, жайыт комитети ж.б.) алып барган тиешелүү маселелердин аткарылышына Айыл өкмөтүнүн да жооптуулугун жогорулатуу.
- Жергиликтүү маанидеги маселелердин аткарылышына салымын кошкон акысыз иштеген(волонтерлук/коомдук) активдүү жарандардын (айыл башчы, көчө башчы/квартальный, аялдар, жаштар комитеттеринин башчалары, мүчөлөрү ж.б.) ортосунда жыл сайын конкурс өткөрүп, калктын мотивациясын көтөрүп, алардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусун жогорулату.
- Башка Айыл өкмөттөрдүн тажрийбасы менен таанышуу иретинде атайын долбор түзүү жана ишке ашыруу.
- Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө демонополизация принциптерин колдонуу жана киргизүү.
- АО кызматкерлерин жаны система менен иштөөгө үйрөтүү, окутуу, компьютер билүүсүн талап кылуу, үйрөтүү
- Долбоорлор аркылуу алынган эмеректерди, жабдууларды элге кызмат кылуу үчүн эффективдүү пайдалануусун контролдоо жана иштөөсүн камсыздоо
№2 маселе: Торкен айыл кеңешинин ишмердүүлүгүн жогорулату. Бул маселе камтыган чаралар:
- Торкен айыл кеңешинин туруктуу комиссияларынын функцияларын тактап, алардын жылдык иш пландарын кабыл алуу.
- Айыл кеңешинин депутаттарынын квалификациясын жогорулатуу планын түзүү жана ишке ашыруу.
- Айыл кеңешинин контролдоо ыйгарым укугун, анын ичинде туруктуу коомдук мониторингдерди уюштуруу боюнча жылдык иш планын түзүү жана ишке ашыруу. Ага коомчулуктун түрлүү катмарынын өкүлдөрүн тартуу практикасын кеңейтүү.
- Айыл кеңешинин ишине жыл сыйын бюджеттик, мониторингдердин натыйжалары жана башка орчундуу маселелер боюнча коомдук угууларды уюштуруу милдетин орчүндөтүү.
- Тургундардын негиздүү демилгелерин колдоо жана илгерилетүү.
- Милдеттерин аткарбаган депутаттарды кайта чакырып алуу тажрийбасын киргизүү.
- Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы байланышты кучотуу, отчеттуулугун камсыздоо
- Депутаттардын ишин камсыздоодо шарт тузуп беруу
№3 маселе: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө калк менен бирге иш- аракеттерин көбөйтүү. Бул маселе камтыган чаралар:
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коом алдындагы отчёттуулугун камсыздоо үчүн, айыл аймактагы маанилүү маалыматтарды тургундарга кеңири жеткириш үчүн тиешелүү механизмди түзүү жана анын ишин өнүктүрүү. Бул багытта Кыргызстанда ишке ашырылган айыл аймактын деңгелинде түзүлгөн маалымат-коммуникативдүү тармактардын оң тажрийбасын пайдалануу.
- Коомдук угууларды, талкуулорду кенейтуу, калкты маалымат алуусун камсыздоо, жарандардын жергиликтуу маселелерди чечууго катышуусун кенейтуу, ЭКБА механизмдерин жайылтуу
- Айыл аймакты өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программаларын натыйжалуу ишке ашыруусунун, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын иштеринин, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана мунициалдык кызматтарынын сапаттарын байкоо жана баало үчүн туруктуу коомдук мониторингди өнүктүрүү.
- Депутаттардын арасында конкурстарды уюштуруу “Эл менен эң көп жолугушту”, “Көп чогулуштарга катышты”, “Эң пассивдуу” ж.б.
№4 маселе: Торкен айыл аймагынындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулату. Бул маселе камтыган чаралар:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү борборун ишин оптимизациялоо
- Торкен айыл аймагынын тургундарына көрсөтүлө турган мамлекеттик кызматтарды Райондук мамлекеттик органдар айыл аймагынын кызмат көрсөтүү борбору аркылуу жүргүзүшү үчүн кызматташууларды күчөтүү.
- Торкен айыл аймагынын тургундарына бизнес тармагы көрсөтө турган (унаа каттамдар, айыл чарба техникаларды пайдалануу, агротехника, зоотехника, суу, электр ж.б.у.с. менен байланыштуу) кызматтардын сапатын көзөмөлдөө жана көтөрүү.
- Айыл өкмөтүнүн элге кызмат көрсөткөн адистердин (өзгөчө соц.адистин, жер адистин) иштеринин сапатын баалоону жыл сайын өткөрүү[2]
№5 маселе: Торкен айыл аймагынын бюджеттик –финансы саясатын өнүктүрүү. Бул маселе камтыган чаралар:
- Жергиликтүү бюджеттин чыгыша бөлүгүн күндөлүк чыгышалар жана өнүктүрүү чыгашалар деп бөлүү. Өнүктүрүү чыгашаларды долбоорлордун (алардын ичинде тургундардын маанилүү демилгелерин каржылоо) негизинде пландаштыруу .
- Салык салуу базасын кеңейтүү жана салык калдыктарын (недоимки) азайтуунун негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
- Калкты алардан чогултуулучу жер, патенттин негизиндеги, ж.б. налогдор боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктары жөнүндө тааныштыруу иш чараларды жүргүзүп, туруктуу налог алуу системасын түзүү.
- Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн “Электрондук Айыл окмоту” деген автоматташтырылган маалымат базасынын экономикалык жана статистикалык көрсөткүчнөрүнүн негизинде прогнозду түзүү
- Жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана аткаруусун тургундар менен талкуулоо үчүн жыл сайын бюджеттик угуу өткөзүүнү Айыл өкмөтүнүн туруктуу жана милдеттүү иштеринин катарына киргизүү.
- Ресурстар
- Каражат ресурстары – негизинен стратегияны ишке ашырыш үчүн жергиликтүү бюджеттин, республикалык о бюджеттен каралган тиешелүү каражаттары жумшалат. Улуттук жана региондук программалардын, долбоорлордун айылдын деңгелиндеги жасала турган иштерине катышып, алардын каражаты тартылат. Андан тышкары Стратегияда каралган чараларга тийиштүү кичи долбоорлор тузулуп, бюджеттен тышкары каражаттар, б.а. инвестиция, кредит, грант жана донорлордун, элдин салымдары сыяктуу каражаттар тартылат.
- Адам ресурстары – айыл аймактын тургундары жана и эл аралык, улуттук, региондук программалардын, долбоорлордун эксперттери.
- Торкен айыл аймагынын айлана-чөйрө ресурстары – кендер бар болсо – туз обработка кылып киреше тушурсо болот, …
- V. Коркунучтар жана аны кыскартуу чаралары
Стратегияны ийгиликтүү ишке ашырууга кээ бир коркунучтар тасир этиши мүмкүн:
а) Стратегиядагы коюлган маселелерди ишке ашырууга жумшала турган каражаттардын көөлөмүнүн туура эместиги. Бул коркунучтун таасирин кескин кыскартуусу коомчулуктун активдүү катышуусу менен аткаруучулардын иштерине, каражаттарынын пайдалануусуна ачыктык, тунуктук жана отчеттуулуктун принциптерин киргизүүнүн негизинде гана мүмкүн боло алат.
б) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызматкерлеринин кызмат убакыттарын рационалдуу эмес пайдалануусу. Бул коркунучтун таасирин кыскартуу үчүн айыл өкмөтүн функционалдык талодоодон өткөрүп, анын негизинде эффективтүү иш жүргүзүү жолдорун тактап, айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жогорулату.
в) Стратегиянын аткаруучуларынын ортосундагы түшүнбөстүк жана келишпестиктер. Бул коркунучтун таасирин жою үчүн аткаруучулардын жана башка катышуучулардын ортосундагы кызматташууларга жеке факторлодун таасирин жокко чыгара турган ички жана тышкы байланыш (комуникативдик) системасы боло алат.
- V Стратегиянын аткарылышы боюнча мониторинг жана баалоо жүргүзүү
Стратегиянын аткаруулусунун натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн талдаш үчүн Стратегиянын бүткүл аткаруу мөөнөүнтүн ичинде отчеттук жылдардын, аткаруу мөөнөүнтүн этаптардын натыйжалары мониторингден жана баалоодон өткөрүлөт. Мониторингдин жана баалоонун маалымат базасы катары Стратегияны аткаруу жылдык Планынындагы көрсөткүчтөр жана индикаторлор пайдаланат. Андан тышкары статистикалык дайындар, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын берилмелери, көзкарандысыз сурамжылоолордун негизинде алынган маалыматтар пайдаланат.
Стратегиянын аткарылышы боюнча мониторингди жана баалоону Торкен айыл өкмөтү уюштурат. Жүргүзүүсү ар түрлүү жолдор менен ашырылуусу мүмкүн, анын ичинде муниципалдык заказдын негизинде тартылган көз карандысыз баалоо жүргүзгөн уюм болушу мүмкүн.
Арадагы мониторингдин жана баалоонун натыйжалары Айыл кеңешинде каралып, керек болсо Стратегияга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Аяктоочу мониторингдин жана баалоонун натыйжалары Айыл кеңешинде каралып, Стратегиянын аткарылышы боюнча тиешелүү чечим чыгарылат жана коомдук угуу уюуштурулат.
VII. Стратегиянын аткарылышын башкаруу
Стратегия өзү башкаруунун куралы болуп саналат. Анын аткарылуусу экиге бөлүнөт: биринчиси – Айыл өкмөтунүн милдеттү түрдө аткара турган жылдык Планга кирген Аймактын жашоо-турмушунун камсыз кыла турган иштери менен бирге айкалышып аткарылуучу чаралар, экинчиси – атайын өнүгүугө каралган каржы менен аткарылуучу чаралар. Аткаруу процесси этаптарга бөлүнүп, ишке ашырылуучу конкреттүү долбоорлордон турат.
Стратегияны аткаруу үчүн жылдык Пландар түзүлүп, аларга бюджеттик, же бюджеттик эмес, же болбосо экөөнүн айкалышкан каражат булактары такталган долбоорлор жана иш-чаралар киргизилет.
Стратегияны аткаруу үчүн башкаруу процессинде эске ала турган нерселер:
- стратегиянын ийгиликтүү аткарылуусуна багытталган чечимдерди кабыл алыш үчүн кезектеги пландарды жана долбоорлорду такай тадлоодон жана баалоодон өткөрүш керек.
- долбоорлорго жана иш-чараларга керектелүүчү каражаттын көөлөмү негиздүү болуш керек.
- каражат булагы боло тургандарды аныктоо, инвестициялык долбоорлорду тартуу үчүн аларды кызыктыруу жана стимулдоо жолдорун табуу
- стратегиянын ийгиликтүү аткарылуусуна керектүү башкаруу жана жөнгө салуу чөйрөсүн түзүү
- мониторинг жана баалоо системасын ишке киргизүү, коюлган максаттардан жана маселелерден тайыган жерлерин табуу, себептерин талдап, тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү
Айыл өкмөтүнүн башкы милдеттери: (1) керектүү бюджеттик каражаттарды мобилизациялоо; (2) карызга алына турган каражаттардын тартылуусун координациялоо; (3) аткаруу бийликтин борбордук, тармактык, региондук органдарынын жана айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин макулдаштыруу; (4) бул стратегияны аткарууга жеке менчик секторунун жана жарандык коомунун катышкуусун тейлеген институционалдык шарттарды түзүү
Стратегиянын аткаруусун айыл өкмөтүнүн Стратегияны аткаруу боюнча жылдык отчетунун негизинде айыл кеңеши контролдойт
Стратегиянын аткаруусуна сарпталган каражатты тиешелүү иретте жергиликтүү бюджетти контролдоо менен кошо жасалат.
Эгерде тышкы же ички шарттардын кескин өзгөрүлүүсү Стратегиянын, анын кандайдыр бир приоритеттик багытынын, чараларынын бирин, же Стратегиянын натыйжасына жетүүсүн тастыктай турган көрсөткүчтөрдүн аткаруусуна тоскоол болсо, анда корректировка жасоо зарыл. Бирок бул өзгөрүүлөр Стратегиянын башкы максатына жетүүгө гана өбөлгө болуш керек.
VIII. Тиркемелер
[1] Райондогу врачтар жылына бир нече (4-6) жолу келип орууларды (өзгөчө оор жашоо шартындагы, жесир,жетимдерди бекер) кабыл алуу, анализ тапшыртуу ж.б. уюштуруу учун иш чараларды иштеп чыгуу. Анын ичинде врачтар калты орчундуу ооруларды (жүрөк, кан тамыр, өпкө-бронх, онкология, кант диабети сыяктуу оорулар боюнча) алдын ала диагностикасын өткөрүү
[2] баалоо критерияларына ишиндеги жоопкерчилигин, маалыматынынын мезгил-мезгили менен жаңыртуусу, маалыматтарды тактайга жаңыртып көрсөтүп туруусун кигизиш керек